Эркин журналист Ыдырыс Исаков сабалды

Azattyk

12-06-2023

233 884 просмотров

5 859 Добавить к себе Еще

Кадры из видео

Ош шаарында эркин журналист Ыдырыс Исаков сабалды. Ал аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловго каршы Ош шаардык милициясына арыз жазды.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, Ыдырыс Исаков журналистик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда Маматкарим Койчукулов “Сенин уруксатсыз видеого тартканга укугуң барбы?” деп бетке чаап жибергенин жана камеранын микрофонун сындырып салганын билдирген.

Ал эми Маматкарим Койчукулов өзүн блогер деп тааныштырган Исаков анын уруксаты жок видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпестик чыкканын айткан.

Ыдырыс Исаковдун алган жаракатын аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындалды. Ош шаардык милициясы текшерүүнун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын билдирди.

8-июнда Ыдырыс Исаковдун Ютубдагы каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген материал чыккан. Анда Ош пансионатынын жерлери мыйзамсыз менчиктештирилгени, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болот.

#исаков #журналист #ош #сөзэркиндиги
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS https://apps.apple.com/us/app/id1521472502
Android https://play.google.com/store/apps/details?id=org.rferl.kg
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​
https://www.instagram.com/azattykmedia/​
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​
https://www.facebook.com/azattyk​
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​
https://t.me/azattykrus
Эркин журналист Ыдырыс Исаков сабалды - смотреть видео онлайн " />